Текшерилди

Отопление жок.

12:39 Nov 20 2019 Кулатов 21/16

Саламатсызбы!
Сиз жашаган көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндөгү (подвал) жылуу суу өтүүчү түтүктөрү, узак убакыттан бери оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу толугу менен чирип, пайдаланууга жараксыз болуп калган. 2018-2019-жылуулук берүү мезгилинде чирип калган жылуу суу өтүүчү түтүктөрдөн 126 тонна жылуу суу агып, ысырап болгон. Ошол себептен быйыл жылуулук берүү токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы №172 сандуу токтому менен бекитилген “Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелеринин” 8-главасы 65-пунктуна ылайык көп кабаттуу турак үйдүн жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумдарын оңдоо иштери ошол көп кабаттуу турак үйдүн жашоочуларынын эсебинен жүргүзүлөт.
Биздин ишкана тарабынан, ар жылы көп кабаттуу турак үйдүн үй башчыларына жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумдарын тазалоо, оңдоо боюнча көрсөтмө (предписание) берилет.
Кошумча сурооңузга жооп алуу үчүн 0551250979 телефон номери аркылуу тилке башчы Калыбеков Бакытка кайрылсаңыз болот.

______________________________________________________
Саламатсыздарбы! Атым Анара. Ош шаарындагы Кулатов 21/16 жашайм. Бизде отопление жок. Бериле элек. Жаны торолгон эгиз балдарым бар. Домдо ар бир уйдо жок дегенде 2 жаш бала бар. Суукта кыйналдык. Эртенден катуу суук болот деп атат биз кантебиз? Соседдерибиз бут кочуп кетип атышат. Мен 4 жаш балам менен суукта кочкону шартым жок. Биздин ушул проблемабызды чечип бериниздер.
Аныктык: UP DOWN 0
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
16 + 10 =

Кошумча билдирүүлөр

жылуулук боюнча

17:23 Jan 22, 2016

ош. Мушкетова 7, 0 Kms

Көчөнү жарыктандыруу эрте менен тез эле өчүп калат

10:09 Jan 14, 2016

все центральные улицы, 0 Kms

отопление

10:23 Jan 23, 2016

Ош Тюлейкен 26, 0 Kms

#143- маршруттук каттамынын Актилек кичи району боюнча

11:41 Feb 05, 2016

ош шаары, актилек кичирайону, 0 Kms

ош ноокат жолуна зебра керек

12:36 Feb 05, 2016

город ош ош ноокат жолу, 0 Kms