Текшерилди

Ээси жок жолбун иттер

12:49 Jul 31 2019 Ош шаарынын Жаңы Учардагы М. Токтошов жана Мамыров көчөлөрүнүн кесилиши

Жаңы Учардагы М. Токтошов жана Мамыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски мүрзөнүн ичинде 20 дан ашуун ээси жок жолбун иттер көбөйүп, ошол жердеги жашоочуларга тынчтык бербей, түнү менен улуп чыгат. Өздөрүн аябай агрессивдүү алып жүргөндүктөн, жергиликтүү элдердин, анын ичинде жаш балдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурууда.
Эгерде түнү саат 2-3төр чамасында ошол жерден өтүп калсаңыз “волчий вой” дегендей улуп уңшуган үндөрдөн чочуп кетесиз.
Ким кепилдик бере алат, алар кутуруп кетпейт деп, эгерде кутурма оорусу менен бир эле ит жабыркаса канча ит кутуруп, канча адамды каап, канча үй жаныбарларына кол салат. Жогоруда аталган иттерди жок кылуу боюнча “Ош Тазалык” ишканасына бир нече жолу кайрылып, алар болгону эки гана итти атып кетишкен, кайра келебиз деген боюнча кайрылган жок.
Бул көйгөй боюнча тез арада иш алып барылбаса кудай сактасын кутурма оорусу “вспышка” болуп кетүү коркунучу турат.
Ошондуктан, Жаңы Учар айылынын тургундары Сиздерден ушул арыз боюнча тез аранын ичинде ыкчам чараларды көрүүңүздөрдү өтүнүп суранып кетүү менен терең ыраазычылыгын билдиришет.
Аныктык: UP DOWN 0
Пикирлер
СМП "Ош Тазалык" (Jul 31 2019)
Саламатсызбы ! Айтылган дарек боюнча " Ош -Тазалык" ишканасынын "Ит атар" кызматкерлери тарабынан жумушу өз убагында аткарылган . Эртең 1 - август жумушчу топ дагы жиберилет. Калтырылган телефон номери боюнча Сиз менен кызматкерлер байланышат. Жапайы ( ээси жок ) иттердин көбөйүүсүнө эмне себеп болгону дагы далилденет , жана ал көйгөйдү тез арада чечүүгө бүт аракеттер жумшалат.
СМП "Ош Тазалык" (Jul 31 2019)
Саламатсызбы! Айтылган дарек боюнча"Ош-Тазалык" ишканасынын " Ит-атар" кызматкерлери тарабынан жумушу өз убагында аткарылган. Эртең 1-август жумушчу топ төмөнкү дарек боюнча жашы жиберилет. Калтырылган телефон номери боюнча Сиз менен кызматкерлер байланышат. Ээси жок иттердин көбөйүүсүнө эмне себеп болгону дагы далилденет , жана ал көйгөйдү тез арада чечүүгө бүт аракеттер жумшалат
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
17 + 10 =

Кошумча билдирүүлөр

жылуулук боюнча

17:23 Jan 22, 2016

ош. Мушкетова 7, 0 Kms

Көчөнү жарыктандыруу эрте менен тез эле өчүп калат

10:09 Jan 14, 2016

все центральные улицы, 0 Kms

отопление

10:23 Jan 23, 2016

Ош Тюлейкен 26, 0 Kms

#143- маршруттук каттамынын Актилек кичи району боюнча

11:41 Feb 05, 2016

ош шаары, актилек кичирайону, 0 Kms

ош ноокат жолуна зебра керек

12:36 Feb 05, 2016

город ош ош ноокат жолу, 0 Kms