Текшерилди

Бир айлап, эки айлап таштанды чыгарылбайт

19:45 Jun 2 2019 1) Геологшаарчасы 2) мкр Достук 91

Бир айлап, эки айлап таштанды чыгарылбайт Бир айлап, эки айлап таштанды чыгарылбайт
Ош-Тазалык ишканасынан жооп: Достук кичи районундагы таштандылар жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана ишемби күндөрү сигнал ыкмасында машина кирип жатат. Айрым учурда гана техника бузулуп, айтылган убакта кирбей калууда. Бирок, болушунча белгиленген график менен кирүүгө аракет көрүлүүдө. кээ бир учурлардагы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Ал эми төлөмдөр боюнча кызматкерлер менен биргеликте териштирилет. Геологдор шаарчасындагы таштанды контейнери муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын сунушу менен алынган.











Урматтуу шаар бийлиги,

Биздин көчөдө (мкр Достук, 91-көч.) бир айлап, кээде эки айлап таштанды чыгарылбайт. Биздин көчөгө таштанды ташуучу чоң машина келип алып кетиш керек.

Мурун дайыма жума сайын же 6 күнү же 7 күнү машина келип турчу. 2018-жыл бою мен дээрлик ар жума таштандыны өзүмдүн машинамда жакынкы, Геологшаарчасындагы чакан базардын бурчундагы таштанды "бактарга" таштап жүрдүм. Машина келбегенден улам, айласыз таштап жаттык. Мен Тазалык ишканасына кызмат үчүн бир жылдык акыны толук төлөп келем, карызым жок (өткөндө, мен жок учурда, декабрь айына чейин карызым жок болсо да, 120 сом акча жаздыртып алып кетиптир Тазалыктын кызматкери).

Ушул күндөрү, ошол Геологшаарчасындагы таштанды "бак"тарды алдырып жатасыздар. Эми бизде маселе туулат: биз таштандыны кайда ташташыбыз керек, эгер Тазалык ишканасы 6-7-күндөрү алып кетпесе, бир-эки айлап келбесе (жакында гана 6 күнү бир келип кетти, ошондон кийин көрө элекбиз) же биз өзүбүз таштап жүргөн жайды алдырып жатсаңыздар?

Биз эмне кылышыбыз керек? Тазалыкка кайрылсаң, жооп берет экен: биз 1-2-күндөрү келип жатабыз деп. Кошуналар айтып жатат ал да кээде болот, кээде болбойт деп. Биз иштеген адамдарбыз, андыктан биз иште болгон маалда машинанын келгенинен бизге эмне пайда? Ал да кошуналар айткандай, бир айлап келбесе, мындай кызматтын кимге кереги бар?

Таштандыга төлөйбүз да, кызмат алалбайбыз! Макул бйилик ушундай экен, Тазалыктын акыбалы ушундай экен деп, өзүбүз таштандыларды таштанды "бак"тарга жеткирип төгүп жатсак, эми аны да алдырып атасыздар. Бул маселени тез арада чечип бериңиздер.


Мүмкүнчүлүктөр
Аныктык: UP DOWN 0
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
19 + 7 =

Кошумча билдирүүлөр

прорыв воды

20:15 Oct 29, 2017

Вишневая -Жунусова, 0.29 Kms

Жол начар

11:23 Apr 18, 2017

Ул.Алиева.Фрунзенский район., 0.34 Kms

Ремонт дороги по улице Алымбекова (бывш.Фрунзе), детский сад "Наристе"

15:18 Feb 09, 2016

Улица Алымбекова, 50 (детский сад "Наристе"), 0.35 Kms

тротуарды ачуу Алимбеков көчөсүндө

17:34 Oct 23, 2017

Алымбекова, 0.46 Kms