Текшерилбеген

Ош шаары, перестройка

18:58 May 23 2019 ул.Ленина

Саламатсыздарбы!

Кыргыз болуп кагазга оробой болгонун болгондой туз жазганым учун туура тушуносунор деген умуттомун.
Ош шаары экинчи борбор болгондугуна карабастан, 28 жылдан бери жарытылуу деле жылыш болбой, ошол бойдон турат, муну 20 жыл мурда кеткен шаардыктар айтып жатышат, Сулайман-Тоого чыгып бир коз жугуртсонор ошол жетиштуу болот. Ошол эле мезгилде кошуна олколор бизден далай алдыга кетип шаарлары дуркуроп онугуп жатат, муну Гугл Планеттен да карап корсонор болот. Эми элдин козуно отчет учун жылына экиден садик курабыз жана 500м жол ремонттойбуз деш бул тоонун этегиндеги айыл окмоттун денгээли. Ал эми частный фирмалар жылына бирин серин куруп жаткан уйлор койгойду чечпейт жана шаардын денгээлиндеги масштаб эмес. Ош шаарында калктын саны жакында миллионго чапчыйт, эми четолкодон жана озубуздон инвесторлорду курулушка тартып келип, шаардын ортосундагы МажрумТал, Домбытанын асты, Гагарин жана Калинин кочолорунун бою, Базардын усту, Ош районундагы жана башка далай махаллаларды снос кылып, капитальный перестройканы башташ керек, ордуна коп кабаттуу заманбап микрорайондорду куруп шаарды жаны форматка эмнеге чыгарбайсынар? Турак жай маселеси да чечилиши керек акыры, шаар резинка эмес, бийигине карап онугуу учуру келди, адамдарга жеке участок берууну токтотуп, микрорайондорго кыргыз озбекти аралаштырып кочуруу керек, ошондо улут аралык маселе да чечилет.
Анан инвестор алып келип Ош районундагы вещевой рыноктон тарта Шейит добого эстакадный мост салып Курманжан Датка кочосуно туташа турган кылып куруу керек, эмесе баары Зайнабидинова-Келечек-Домбыта аркылуу кетууго мажбур болуп пробка маселеси чечилбейт. Ошондой эле Абдыкадырова кочосундогу копурону (Дом быта) Гагарин кочосуно узартып, Обл больницага артынан кире турган жол ачып, унаа кируучу дарбаза ачуу керек.
Баарын каражат жокко шылтоологон туура эмес, четолодон жана жергиликтуу инвесторлорду чакырып келип, бюроктартиялык бут тосуулардын ордуна аларга ынгайлуу шарттарды жана женилдиктерди жаратып берсе мунун баарын ишке ашырса болот. Эгерде ушул нерселерди ишке ашырсанар, силер азырга чейин элдин оозуна алынып жургон Мелис Мырзакматовду эстегендей эле, Таалайбек Сарыбашов да эл оозуна алынып башкаларга улгу болуп, шаардыктардын суймончулугуно ээ болуп тарыхта калмак.
Негизги маселе бул каражаттын жоктугу эмес, онугууго, жумушка болгон каалоонун жана идеянын жоктугу, коррупция жана онугууго бут тоскон бюрократиялык тоскоолдуктар.
Ушул боюнча бир жооп берип койсонуздар, жообунарды кутом.
Аныктык: UP DOWN 1
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
20 + 6 =

Кошумча билдирүүлөр

жылуулук боюнча

17:23 Jan 22, 2016

ош. Мушкетова 7, 0 Kms

Көчөнү жарыктандыруу эрте менен тез эле өчүп калат

10:09 Jan 14, 2016

все центральные улицы, 0 Kms

отопление

10:23 Jan 23, 2016

Ош Тюлейкен 26, 0 Kms

#143- маршруттук каттамынын Актилек кичи району боюнча

11:41 Feb 05, 2016

ош шаары, актилек кичирайону, 0 Kms

ош ноокат жолуна зебра керек

12:36 Feb 05, 2016

город ош ош ноокат жолу, 0 Kms