Текшерилди

Кайрылуу !!!

15:28 Feb 19 2019 Ош шаары

Урматтуу Таалайбек Насирбекович ! Менин Сизге кайрылуу менен кайрылуумдун себеби томондогучо: биз азыркы учурда Ош шаарына караштуу "Курманжан - Датка-2" (Дача конушу) аймактык кенешинде жашайбыз (болжол №122 маршруттук каттамдын акыркы токтогон авто токтоочу жайы). Дача конушу мурун Кара-Суу районуна карап турган мезгилдеги учуру менен азыркы учурдагы т.а Ош шаарынын карамагына откон мезгил менен салыштырып болбойт. Шаардык бийлик тараптан конул бурулуп жакшы иштер алып барылууда. Биз жашаган аймактык кенешке Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен бала бакча курулуп ишке киригизилди. Азыркы учурда заманбап мектеп салынып, курулуш иштери аяктоо мезгилинде турат. Жогоруда аткарылган иштерди жалпы жашоочулар баалап, Ош шаардык мэриясына алкыш создорун айтып кубанычтарында чек жок. "Курманжан - Датка-2" (Дача конушу) аймактык кенеши шаардан четиреек жайгашканы менен копчулук жашоочу жашайт. Копчулук жашоочуларды эске алып, азыркы учурдагы негизги койгойлуу маселелерди да чечип берерсиз деген чон ишенимдебиз. "Курманжан - Датка-2" (Дача конушу) аймактык кенешиндеги азыркы учурдагы койгойлуу маселелер 1) Каналдын боюндагы негизги жолдун асфальттары оюлуп, жамоо иштери жургузулбой келет. Негизги жол койгойу айыл ичиндеги жолдордун талапка жооп бербегендиги т.а жолдор аябай тар жана ылай баткак. Эгерде жамгыр же кар жааса жол ылай баткак болуп, жоо басуучу жарандар учун кыйынчылык жаратууда. (Центральная, Обзорная, Подгорная кочолорунун абалы ото начар барып корсонуздор озунуздор кубо болосуздар) 2) "Курманжан - Датка-2" (Дача конушу) аймактык кенешинин кочолорун жарыктандыруу маселесин да чечип берерсиз деген терен ишенимдебиз. Анткени азыркы учурда кочолор карангы болгондуктан жалпыбыз учун ынгайсыздык жаралууда. Кочолор карангы болгондуктан мектеп окуучулары, студенттер, жонокой эле жарандар учун кооптуу болуп жатат. Анткени танкы саат 6:00 дон баштап кыймыл аракет башталгандыктан кочолор карангы болуп баарыбызга ынгайсыздык жаралып жатат. Кочолор карангы болгондуктан ар кандай кылмыш иштери уурдоо, бири-бири менен урушуу ж.б ар кандай кырсыктар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. 3) Таштанды (мусор) таштоочу урналар жок болгондуктан жарандар таштандыларын каалаган жерине таштап жатат. Ошондуктан айыл ичине таштанды таштоочу урналарды орноттуруп берсениздер аябай жакшы болмок . Каналдын боюндагы негизги асфалът жолдун оюлган жерлерин жамап, айыл ичиндеги тар ылай баткак жолдорду бираз кенейтип, асфальт болбосо да шагыл тошоп, (техникаларды камсыздап берсениз шагыл озубуздон эле чыгат) кочолорду жарыктандыруу маселесин чечип берсениз биз дагы жарык шаарда жашайбыз деп сыймыктануу менен келип кеткен конокторго айта алабыз. /Эскертуу иретинде былтыркы жылы мэрияга кайрылсак мэрия кызматкерлери барып, текшеруу иштерин журугузуп, болбогон эле шылтоолор менен оз алдынчаларынча жошоочуларды катыштырбай акты тузуп, кочолор тар экен биздин техникалар кирип иштей албайт деген шылтоолор менен баш тартылган. Кочолор албетте тар талапка жооп бербейт бирок коптогон чон техникалар кирип чыгып жаткандыгын баарыбыз эле коруп журобуз/ Урматтуу Таалайбек Насирбекович Сизди жоомарт, адамгерчиликтуу, иш-билги инсан катары баарыбыз сыйлайбыз. Бизди дагы Ош шаарынын жашоочулары катары эске алып, айтылган маселелерди чечип берерсиз деген чон умуттобуз. Урматтоо менен, Ош шаарына караштуу "Курманжан - Датка-2" (Дача конушу) аймактык кенешинин жашоочусу Р.Ш.


_________________________________________________________________________________________


Ош шаарынын Дача
конушунун тургуну
Русланга


Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын атына келген электрондук катты карап чыгып томонкулорду билдиребиз:
Ош шаарынын жолдор башкармалыгынын адистери Дача конушуна барып, Обзорная, Центральная, Подгорная кочолорун жеринен иликтеп чыгып, Обзорная кочосунун 200м жолу автогрейдер менен тегиздоо иштерине муктаж жана Центральная кочосундогу жолдун астынан откон суу тутукчосунон суу чыккандыгына байланыштуу жол бузулуп шагылдоо иштерине муктаж. Ал эми, Обзорная кочосу башка кочолорго салыштырмалуу абалы жакшы экендиги аныкталган. Ошондуктан, Центральная кочосундогу суу тутукчолорун ондоо иштери аяктагандан кийин аталган кочону шагылдоо жана тегиздъъ иштери жолдор башкармалыгынын 2019-жылдын иш-планынын негизинде аткарылаарын башкармалык билдирет.
Аныктык: UP DOWN 0
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
11 + 4 =

Кошумча билдирүүлөр

жылуулук боюнча

17:23 Jan 22, 2016

ош. Мушкетова 7, 0 Kms

Көчөнү жарыктандыруу эрте менен тез эле өчүп калат

10:09 Jan 14, 2016

все центральные улицы, 0 Kms

отопление

10:23 Jan 23, 2016

Ош Тюлейкен 26, 0 Kms

#143- маршруттук каттамынын Актилек кичи району боюнча

11:41 Feb 05, 2016

ош шаары, актилек кичирайону, 0 Kms

ош ноокат жолуна зебра керек

12:36 Feb 05, 2016

город ош ош ноокат жолу, 0 Kms