Текшерилди

Жолдорубуз качан онолот

23:04 Feb 15 2017 г.Ош мкр.Достук ул. Абжалова (45 кочо )

Ош шаарынын жолдор башкармалыгы Сиздерден келген электрондук кайрылуу катыныздарды карап чыгып томондогулорду билдирет:
Ош шаарынын Абжалов кочосу 2012-жылы Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан асфальттанган. Катта корсотулгондой аталган жолдун 400метр жери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан асфальттанбай калган. Бирок аталган жолду акырына чейин асфальтто максатында, инвестициялык каржылоого сунушталгандыгын билдиребиз.
________________________________________________________________________________________________

Шаарыбыздын Достук микрорайонунун Абжалов кочосунун жолу толугу менен асфальт болбой калган.Болжол менен 300-400 метрдей калганда акырына чейин жетпей огойлотуп таштап кетишкен. Ал кочонун жашоочулары жайында чан менен дем алса,кышында болсо белчебизден ылайга батып олтурабыз. Бутубузга пакет да кийген учурларыбыз болуп жатат..Жолдун онгул донгулдугунон машиналар жерге тийип эле айдоочулар ыйлагыдай болуп атышат. Деги бул жолунар качан онолот деген эле суроолор баарыбызды кыжырлантты. Бул жакка да келип кабар алып туура жакка чечип берсенер деп жашоочулар коптон коп суранабыз.Шаарда туруп ушундай шартта жашаганыбызга окуносун киши......


Мүмкүнчүлүктөр
Аныктык: UP DOWN 0
Пикирлер
Кенжебаева Гульнара (Nov 25 2018)
Толук маалыматынар жок эле шаарга карабайт дей берет экенсинер да. Ошол Карасуу районуна караган жерге чейин да шаарга эле караган 300метрдей жол калган. Биз ошол шаарга эле караган уйлордо жашайбыз го. Шайлоолордо уйлорубуз, озубуз списоктон чыгып эле шаардын участогунда добуш берип келебиз.Бул жерде Кайсы болугу Карасуу районуна карай турганын биз да билебиз.Кайсы жерге кайрылсак да шаарга карабайсынар экен деп билип билбей, текшерип тактабай эле огойлоп келесинер.Ушул жерге келгилечи, ушул жерде жашаган шаардын эле жашоочуларыбыз мн жолугушуп тактап коруп кеткиле.Жеринен тушундуруп берели. Эми биздин маселе каралбаса Жогорку жактарга кайрылууга мажбурбуз.
Пикир калтырыңыз
Ысым:
E-mail:
Пикирлер:
Коргоочу код:
16 + 6 =

Кошумча билдирүүлөр

таза сууну кордобосок

14:39 Jul 09, 2020

город Ош Тарная база ТС Туран, 0.26 Kms

маршрутка

00:11 Oct 17, 2017

Южный район, 0.79 Kms

Незаконные парковки. Часть два.

17:58 Feb 24, 2016

Келечек, 0.89 Kms

свет жок

19:36 Apr 13, 2017

Туран, 0.9 Kms

проблема с водой

17:40 Jul 06, 2017

микрорайон дача, 1.14 Kms