Жооп тиркемеде.
______________________________
Ош шаарынын мэри Т.Н.Сарыбашовго
Ош шаарынын Туран МАБнын Ишматова
29 үйүнүн жашоочуларынан
АРЫЗ
Урматтуу Таалайбек Насырбекович, Ош шаарынын Ишматова 29 көп кабаттуу үйүнө таандык болгон (мамлекеттик актынын көчүрмөсү тиркелет) жер тилкеси жайгашкан, ал жерге курулуш иштерине уруксат жок, бирок бак-дарак эгүүгө уруксат берилген эле, батирдин жашоочулары айланасын зым менен тосуп, бак-дарактар эгилген. 2018-жылдын жаз айларынан баштап мыйзамсыз эле башка көчөнүн жашоочусу үй-бүлөлүк жеке бизнесин баштап алган, тагыраак айтканда кам кыш куюшат. Андан сырткары 2019-жылдын кеч күздөн баштап көмүр алып келишип, сатышат. Мисалы: 2020-жылдын январь айынын бир күнүндө кечки саат 22:00 - 23:00 ортосунда алып келген көмүрүн ошол жерге түшүрөм деп газ түтүктөрү жулунуп, 104 номерине чалып “горгаз” кызматкерлерин чакыртканбыз. Эмненин негизинде бул жерди ээлеп жатасыз, ким сизге уруксат берди деген суроолорго “водхоз” менен келишим түзүп, ишмердүүлүк жүргүзгөнүн айтып келет, бирок областык суу чарба башкармалыгы да ал жерди жашылдандырууга гана алууга болот экенин айтып келет.
Кыш куюда, көмүр сатууда ал жердин санитардык гигиеналык жана экологиялык абалы бузулуп жатат, дайыма ызы чуу болуп элдин тынчын алып жатат, оор жүк ташуучу автоунаалар өтүп көпүрөнү авариялык абалга алып келип жатат, көчөдөгү жаш балдарга да кооптуу абалды туудурат.
Жогорудагы көйгөйлөрдү жана маселелерди эске алуу менен мыйзамсыз өз билемдик менен иш жүргүзүп жаткан жаранга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүп берүүнүздү суранабыз.
ушул үйдүн жашоочулары
Аныктык: |
 |
 |
0 |
|
Пикир калтырыңыз